КӨЗГӨ ТОЛУМДУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Сындуу, келишимдүү, көңүлгө толорлук. Көз карашы жоодур-жоош, сымбаты да өзүнө жарашыктуу, көзгө толумдуу эле (Айтматов). Көзгө толумдуу, көңүлгө жугумдуу, - деп өзү да жаркылдап, оолжуп кетти (Касымбеков).