КӨЗГӨ СҮРТӨРГӨ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Абдан муктаж болгон, эч табылбаган, такыр жок, өтө зарыл деген сыяктуу мааниде. Мындай күткөн учурда көзгө сүртөргө дары болгондорун карачы (Бейшеналиев). Аны колдон алышып, көзгө сүртөргө табылбай турган дарыдай көрүштү («Кыргызстан маданияты»). Башка көзгө сүртөр эч ким, эчтеке жок («Кыргыз туусу»).