КӨЗҮ ЧАЧЫРОО
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Бир нерсени өтө чыдамсыздык менен күгүү, зарыгуу, алсам же жетсем деп аябай эңсөө. Ушул жерден тез эле узап кетсек дегенде көзүм чачырап, мүнөт сайын кыпылдап күтүп жүрөм (Элебаев). Туш-тушка көзү чачырап, көкүрөгүндө бир ой теминет («Ленинчил жаш»). Акчаны көргөндө Молдоштун көзү чачырап кетти (Абдукаимов).