уподобляться кому-л. в отношении глаз; кылмышкер көздөнүп турасың го, эмне үчүн мойнуңа албайсың? ведь по глазам видно, что ты преступник, так почему же не сознаёшься? үрккөн төө көздөнүп выразив глазами сильный испуг (букв. сделав глаза, как у испуганного верблюда); чычкактаган чил көздөнгөн с безжизненно-вялыми глазами (букв. с глазами, как у куропатки, страдающей поносом); өңөргөн кочкор көздөнгөн с выпученными глазами; тооруган бука көздөнгөн (смотреть искоса и свирепо) с глазами быка, готового к схватке; күүгүм туман көздөнөт глаза (у него) серые; ууру мышык көздөнүп с глазами вороватой кошки (боязливо оглядываясь); көөкөрдөн май караган көздөнгөн шутл. косоглазый, со зрачками направленными внутрь, к переносице.
Бирөөгө же бир нерсеге окшоо, сыяктануу, ошол кейиптенүү. Ач арстандай төштөнүп, Алгыр бүркүт көздөнүп («Эр Төштүк»). Ашыркан күлдү эштенип, Таңдагы чолпон көздөнүп (Бекөнбаев).
1. Көрүнбөө, карааны көрүнбөй калуу, карааны үзүлүү. Кокус чоң эне көздөн далда болду дегенче, тоо түбүн көздөй карды жыңайлак кечип чуркап барып кайра келебиз (Жусупов). Чоколор чоң капчыгайга барганда, түндүк тарапка бурулушуп, көздөн далда болду (Жантөшев). 2. Жашырынуу, көрүнбөй, билинбей калуу, байкалбоо. Жылдызкан айла болсо акырын чыгып көздөн далда болууну ойлоду (Байтемиров). Көз ачып-жумганча, байкатпай көздөн далда болду («Ала-Тоо»).
1. Көрүнбөө, карааны көрүнбөй калуу, карааны үзүлүү. Кокус чоң эне көздөн далда болду дегенче, тоо түбүн көздөй карды жыңайлак кечип чуркап барып кайра келебиз (Жусупов). Чоколор чоң капчыгайга барганда, түндүк тарапка бурулушуп, көздөн далда болду (Жантөшев). 2. Жашырынуу, көрүнбөй, билинбей калуу, байкалбоо. Жылдызкан айла болсо акырын чыгып көздөн далда болууну ойлоду (Байтемиров). Көз ачып-жумганча, байкатпай көздөн далда болду («Ала-Тоо»).
Тез эле, бир заматта жок боло түшүү, көрүнбөй калуу. Бир-эки кылчайды да, ошо бойдон көздөн кайым болду (Айтматов). Бакыт деген жүрөгүңдү дирилдете кандайдыр аптыктырып, обдулуп кармайм дегениңде көздөн кайым болуп кайкыган кооз куш сымал тийип качмасы да бар (Бейшеналиев). В.: Көздөн кайып болуу. Алмаш ошол замат көздөн кайып болуп, кайра тез эле пайда болду («Советтик Кыргызстан»). Заматта көздөн кайып болду («Ала-Тоо»). Көздөн муң болуу. Кыз бир аздан кийин көздөн муң болуп учуп кетти («Жомоктор»).
Тез эле, бир заматта жок боло түшүү, көрүнбөй калуу. Бир-эки кылчайды да, ошо бойдон көздөн кайым болду (Айтматов). Бакыт деген жүрөгүңдү дирилдете кандайдыр аптыктырып, обдулуп кармайм дегениңде көздөн кайым болуп кайкыган кооз куш сымал тийип качмасы да бар (Бейшеналиев).
Абдан зарыл болуу, табылбоо, эңсетүү, сагындыруу. Таңдайым кургап, бир ууртам муздак суу көздөн учат («Ала-Тоо»). О, чиркин эл менен жер көздөн учат (Токомбаев). Кербенчи соодагерлер, ошентип, көздөн учкан адими буюмдарды калктын малына эки эсе кымбатка урунтушат (Бейшеналиев). Билсең, анын кадыр-баркы көздөн учкан учурда билинет тура (Абакиров). В.: Көзүнөн учуу. Күлчоросу көзүнөн учуп турган кезидир («Семетей»). Туугандары көзүнөн учкан Сылый бизди көргөндө өз ата-энесин көргөндөй кубанды (Сыдыкбеков). Бир чети бир топ күндөн бери жер-суу көзүнөн учкандыкыбы, айтор тоо кыркаларына суктана берди (Ашымбаев).
Абдан зарыл болуу, табылбоо, эңсетүү, сагындыруу. О, чиркин эл менен жер көздөн учат (Аалы). Кербенчи соодагерлер, ошентип, көздөн учкан адими буюмдарды калктын малына эки эсе кымбатка урунтушат (Бейшеналиев). Билсең, анын кадыр-баркы көздөн учкан учурда билинет тура (Абакиров).