КӨЗДӨН КАЙЫМ БОЛУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Тез эле, бир заматта жок боло түшүү, көрүнбөй калуу. Бир-эки кылчайды да, ошо бойдон көздөн кайым болду (Айтматов). Бакыт деген жүрөгүңдү дирилдете кандайдыр аптыктырып, обдулуп кармайм дегениңде көздөн кайым болуп кайкыган кооз куш сымал тийип качмасы да бар (Бейшеналиев).