Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Абдан зарыл болуу, табылбоо, эңсетүү, сагындыруу. Таңдайым кургап, бир ууртам муздак суу көздөн учат («Ала-Тоо»). О, чиркин эл менен жер көздөн учат (Токомбаев). Кербенчи соодагерлер, ошентип, көздөн учкан адими буюмдарды калктын малына эки эсе кымбатка урунтушат (Бейшеналиев). Билсең, анын кадыр-баркы көздөн учкан учурда билинет тура (Абакиров). В.: Көзүнөн учуу. Күлчоросу көзүнөн учуп турган кезидир («Семетей»). Туугандары көзүнөн учкан Сылый бизди көргөндө өз ата-энесин көргөндөй кубанды (Сыдыкбеков). Бир чети бир топ күндөн бери жер-суу көзүнөн учкандыкыбы, айтор тоо кыркаларына суктана берди (Ашымбаев).