КӨЗ ЖАЗГЫРУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Билинбей туруп жылт коюу, заматта, байкатпай, кайда кеткенин билгизбей жок болуу. Тосмого камалган кулжадай даяр бута болбой көз жазгырсамбы дейм (Бейшеналиев). Сен элди алдап, көз жазгырмайыңды качан коёсуң (Сыдыкбеков). Алыска көз жазгырып кетүү керек экен, – деп өкүнө түштү да, – Ай, мейли деп кол шилтеди (Укаев). Ач кенедей жабышып тургандардан көз жазгыра албадым (Жантөшев). В.: Көз жаздыруу. Заматта көз жаздырып кетти («Чалкан»). Аларды көз жаздыруу кыйын болду («Ала-Тоо»). Кылт этип көз жаздырып качып турган, Акылай Ала-Тоонун түлкүсү да (Турусбеков).