Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерседен көзүн албай кадала кароо, тигиле кароо, өтө кунт коюп байкоо, көз салуу. Карыя мен жакка бурулуп, бозомук нурсуз көзүн кадады («Ала-Тоо»). Серкебай тултуюп бир саамга унчукпай, бөрү тиктеш салып, элчиге көзүн кадады (Осмоналиев). Жылдызкан анын кыйгач кашына, бийик кабагына көз кадайт (Байтемиров). В.: Көзүн тигүү. Мен өңдүү өксөп-дегдеп уул-кызың, Айырбай сизге карайт тигип көзүн (Нуркамал). Ал экөөнүн көптөн бери көзүн тигип жүргөн жери кандуу өзөк (Укаев). Көзүн түшүрүү. «Эсен-соо» деп барып, Жапардын балдагына көзүн түшүрдү да, кайта ал унчукпай калды (Баялинов).