КӨЗ АКЫ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Кандайдыр бир ишти, же бир нерсени көрүп-билип жүргөндүгү, же ал иштин жакшы натыйжалуу болушуна тилектештиги, ниети туура экендиги үчүн тиешелүү деп эсептелген үлүш, энчи, салым. Чеченде жалпынын сөз акысы бар, байда кедейдин көз акысы бар (макал). Бүгүнкү ийгиликке менин да көз акым бар (Касымбеков).