КӨЗҮ ЖАШЫЛДАНУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Ыйлап жиберчүдөй болуп, мууну бошоп, көзүнөн жаш кылгыруу, кичине жашып кетүү. Жамалкандын жүрөгү алып учуп, эмне кыларын билбей алактап, көзү жашылданып турду (Абдукаримов). Менин абам болсо кырк экинчи жылдан бери кат-кабарсыз, – деди Саадат көзү жашылданып («Ала-Тоо»). В.: Көзүн жаш чаюу. Акбала баланы кыя албай көзүн жаш чайып турду эле, жаалданган байбиче кирип келгенде чыйрала түштү (Укаев). Гүлай сөзүн бүтүрө албай көзүн жаш чайыды («Ленинчил жаш»).