КӨЗ ИРМЕБӨӨ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Уктабоо, уктай албоо, кирпик какпоо, уйку бетин көрбөө, такыр уктабай чыгуу. Түнү бою көз ирмебей из караган, лыста маекчинин чырагы өчтү (Осмонов). Ышкынаалы ал түнү таң аткыча көз ирмебей чыкты (Байтемиров). 2. Жалтанып да койбоо, эч жазтанбай тике кароо. Айбалта колго алышып, Көз ирмебей салышып («Манас»).