КӨЗГӨ АТАР
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Жазбай, таамай аткыч, атканы жаза кетпеген, мылтык атканга абдан маш болгон, мыкты, адис мергендиги бар. Ээрчитип көзгө атардан эки мерген, Түн катып капчыгайда жолго келген (Аалы). А, мүмкүн чоңубуз чын эле көзгө атар мергендир, эмесе коёндун бутундагы жипти үзө атуу оңойбу («Кыргызстан маданияты»).