КӨЗҮҢДҮ АЧ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Абайла, байка, сак бол, ушунчаңда эсиңе кел деген сыяктуу, кекетүү, зекүү маанисинде колдонулат. Мен ферма башчысы экенимди таанып ал, көзүңдү ач! –деп Суксур кабак чытып, Дөөткө өкүм унчугат (Осмоналиев). – Мырза көзүңүздү ачыңыз! Мырза, дагы айтам, абийриңиз барда кетип калыңыз (Каимов). В.: Көзүңдү кара. Сен бала, көзүңдү кара, өзүң комсомол болуп туруп, кой өлтүрүшүң уят, – деп күпүлдөдү да кайра жүрүп кетти (Жантөшев). – Ой, карыя, көзүңдү кара! – деп бир маалда үстүртөн кыйкырык чыкты (Жусупов). Көзүңө кара! Балам, көзүңө карасаң боло? Этек-жеңиңди жыйнап жүрчү, – деп гана эскертчү (Осмоналиев). – Көзүңө кара, уулум, эми суу соолчу болсо милиция менен келем (Сыдыгалиев).