КӨЗҮ ТҮШҮҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Бир нерсени жактыруу, аны алгысы келип аябай кызыгып калуу, суктануу. Көйкашканын ошол жоргого көзү түшүп, эптеп ажыратып алуунун жолун издейт (Көчкөнов). Дароо үстөлдүн үстүндөгү сүрөт салган алъбомго көзү түштү да бирден барактай баштады (Алыбаев). Көп күлүктөрдү карап туруп, бир атка көзү түшөт (Осмоналиев). 2. Бирөөнү жакшы көрүп, сүйүп калуу, ага берилип жактырып калуу. Эгер Үрпүканга көзү түшсө, ыгын келтирип жүздөштүрүүгө макулдаткан (Бейшеналиев). Болбосо, кечээ эле бирөөнүн кудалап койгон кызына көзү түшүп калып, үйлөнмөкчү болгон кашка ушул эмес беле (Көчкөнов). Келип-кетип жүрүп мага көзү түшүп, атама кудалашуу үчүн жуучу салат (Каимов).