КӨЗГӨ БАСАР
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Жападан-жалгыз, бар болгону, турганы, бирөө гана. Көзгө басар жалгыз медерибиз эле, – дейт кемпир, карыш жылдырбай, таштап кетсең кагылайын («Ала-Тоо»). – Катыгү-үн, бул көзгө басар, көрүп катар үлгүбүз («Чалкан»). Анын көзгө басар жалгыз кызы, оорудан карарып калыптыр (Жусупов). 2. Бирден-бир, мыкты көрүнгөн, эл оозуна кирген, өзгөчөлөнүп турган. Биздин көзгө басар сыймыгыбызга ушундайча кароого жарайбы, жолуң болгур! (Каимов). Чубагынын беттегенинен кайтпас көк жалдыгын билген Манас, көзгө басар оёндору бири-бирин кызыл-кыргын салбасын деп өзү аттанат (Бейшеналиев). В.: Көзгө тутар. Сенден апаң садага, көзгө тутар медерим (Жоошбаев).