КӨЗГӨ ЖЫЛУУ УЧУРОО
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Мурда көрүп-билип жүргөндөй, тааныштай сезилүү. Мунун баары да көзгө жылуу учурайт, бирок эмнегедир эстей албай жаттым (Баялиев). Ал жакындаган сайын басканы, кебетеси көзгө жылуу учурай берди (Алыбаев). Тилекмат экөө бир отуруп маектешкен жер Кабылдын көзүнө жылуу учурады (Элебаев). Биринчи көргөндө эле Сейдеш анын көзүнө жылуу учурады (Бейшеналиев).