КӨЗҮНҮН ЖАШЫ ОН ТАЛАА
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Көз жашын тыя албай, ботодой боздоо, аябай ыйлаган абалда деген мааниде. Жеңеңдин көзүнүн жашы он талаа («Манас»). Карып болуп Элеман Көзүнүн жашы он талаа («Эр Төштүк»). Батманын көзүнүн жашы он талаа, керегеге сүйөнө дапдаарыйт (Саатов). Аябай таяк жегенсип, өпкөсү өпкөсүнө батпай солуктайт, көзүнүн жашы он талаа (Бердикеев). В.: Көзүнүн жашы көл. Айласы кеткен балдардын көзүнүн жашы көл («Чалкан»).