КӨЗҮ АЧЫК ӨТҮҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Эч жакшылык же жыргалчылык көрбөй, тилеген тилегине, максатына жетпей жүрүп өтүп кетүү. Көрүнгөн байга кул болуп, көзү ачык өтүп кетемби (Осмонкул). Ал кыйын күндөрдү көрүп, бу дүйнөдөн тек гана көзү ачык бойдон өткөн экен (Жигитов). 2. Өтө жаш кезинде, жаштайынан кайтыш болуу, өлүү. Олда, көзү ачык өткөн карыптарым ай! (Сыдыкбеков). О, көзү ачык өткөн чымчыктарым... Татынакай периштелерим (Сыдыкбеков). Олда кагылайын, Алтынай ай, тал чыбыктай буралып турган кезинде көзү ачык өттү (Жантөшев).