КӨЗҮ АЧЫЛУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Бир нерсеге ачык, даана түшүнүү, ак-караны ажыратуу, көзү жетүү, таанып билүү. Ырчыны ээрчип жүрүп Берендин көзү ачылды. Чалдыр-мулдур комуз чертчү эле, чоң комузчу болду (Осмоналиев). Макендин ченинде жүрүп ал көп нерсеге каныгып, көзү ачылды, чыйралды («Ленинчил жаш»). Мындайча алганда дүйнөгө көзү ачылып, жок эле дегенде калыстык деген эмне, зомбулук деген эмне экенин түшүнүп келген болуу керек (Акматов). 2. Сабаттуу, билимдүү болуу, аң-сезими өсүү. Кат таанып ал, кат таанысаң көзүң ачылат (Саатов). Көзү ачылып, сезими кеңигенде ого бетер өткүр жигит болуптур (Бейшеналиев). 3. Көңүлү көтөрүлүү, өзүн сергек сезүү. Пастан ушул жерге келгенден бери көзүм ачыла түштү (Кыдырмышев). Барганда көзүм ачылып, жүрөгүм кубанды («Ала-Тоо»). Кыз бечаралар жаңыдан көзү ачылып, өмүрдүн кубанычын сезип келатканда бирөөгө башы байланып, күтүлбөгөн окуяга кез болушат (Каимов).