КӨЗҮН МАЙ БАСУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Мансабына, байлыгына ж.б. абалына чиренип, менменсинип башкаларды теңсинбей, дөөгүрсүп, көөп кетүү. Ой, айланайын Сагынбек ай, шумдуктай көрөгөч экенсиң! Эгер көзүмдүмай баскан бойдон эсиме келбесем, талпагым ташка жайылбайт беле? (Жантөшев). Көзүн май басып, акчанын деми менен көкөлөп жүрө берди («Чалкан»).