КӨЗҮ АЧЫК
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Диний түшүнүк боюнча: жөнөкөй кишилерге көрүнбөгөн ар кандай жин-шайтанды, арбакты көрө билген же бир нерселер жөнүндө алдын ала айта алган, олуялыгы бар. Бул «көзү ачык» атанган кара жиндүү бакшыны нөкөрлөр не дейт, эми не түрлүү сыр көрсөтөр экен дешип, үрөйлөрү учуп карашты (Касымбеков). Мазардын ээлери көзү ачык бакшыларга көрүнөт (Токомбаев). Менин таятам көзү ачык киши болуптур (Сыдыкбеков). Келинимдин көзү ачык, айтканын жаземдебейт (Бейшеналиев). 2. Көптү билип, көптү көргөн, ар нерседен кабардар, сабаттуу, билимдүү, даанышман. – Сени да элиң окуган, көзү ачык азаматым дейт го! (Укаев). Мындай дилгир берилген көзү ачыктар болбосо байыркынын мурасы укум-тукумуна жетеби (Бейшеналиев). Сен көзү ачык даанышмансың, Асаке (Борбуев). «Кум бириксе таш болот, кул бириксе баш болот» – дечү экен көзү ачык бабаларыбыз (Токомбаев).