Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Эмне экендигине, чындыгына же төгүндүгүнө, кандай болгондугуна ачык түшүнүү, толук ишеничи болуу, кандай болорун алдын ала билүү. Атай бул жооптуу жумушту аткара албастыгына көзү жеткен соң, кантондун жетекчилерине «мени бошоткула» деп даттанды (Каимов). Көзү жетип, билип турган ишин Сапар далилдөөгө тырышты (Сасыкбаев). Алардан айла болбосуна көзү жеткенде жаңы жетекчи айрым жумуштарын өзү жасата баштаптыр («Кыргыз Туусу»).