КӨЗҮН КАРОО
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Бирөөгө баш ийүү, айткан-дегенинен чыкпоо, материалдык жактан толук көз каранды болуу. Алты жүз үйлүүгө жакын чоро эли Тоскондун көзүн карап, буйругун аткарышат (Осмоналиев). Улам жыл өткөн сайын бай Салкынайдын көзүн карап, байбиченин айтканынан чыкпай калган («Кыргызстан аялдары»). Жыты таяке бирөөлөрдүн көзүн карап, күйпүйүп басынган учурунда Айылчынын дуушарланышы анын сообуна калгандай (Бейшеналиев). 2. Жакшы көргөн баласынын, кызынын ж.б. айткан-дегени менен, ою менен болуу, таарынтпай, аяп мамиле жасоо. Көрдүңбү уулуңду, -деди Калыйпа, биз мунун жалгыз деп көзүн карап отуруп, ушинтип алганбыз да (Саатов). Оорусунан коркуп көзүн карап калган бечара Татына уулунун кебин бузган жок (Сыдыкбеков).