Толковый словарь кыргызского языка (1969)
зат. 1. Адамдын, жан-жаныбарлардын көрүү мүчөсү. Көзүң ооруса колуңду тый, ичиң ооруса тамагыңды тый (макал).
Динар көзүн бакырайтып чочуп кетти (Сыдыкбеков).
  1. 2.                  Бир нерсенин тешиги, жылчыгы, ачык бөлүгү, көзөнөгү. Ийненин көзү. Терезенин көзү. Тузактын көзү. Булактын көзүнө жата калып суудан жутту («Ала-Тоо»).
  2. 3.                  Куржундун бир жак бөлүгү. Мына, айланайын, куржундун эки көзү толтура буудай алып келдик (Жантөшев).
  3. 4.                  Көбүнчө шакектин кичине асыл таш, мончок ж. б. орнотулган жери, бөлүгү. Шакектин көзү.
  4. 5.                  Күндүн, айдын бети. Жылтырайт бак ичинен айдын көзү (Шүкүрбеков). Асманда ала булут калкып, кезек-кезек күндүн көзүн далдалайт («Ала-Тоо»).

¨ Көзү ачык кетүү же көзү ачык өтүү — эч жакшылык, эч жыргалчылык көрбөй өлүү; жаштайында өлүү. Ошентип, эти кабылдап, кайран [Чынар] ..көзү ачык кетти (Сыдыкбеков). Көрүнгөн байга кул болуп, Көзү ачык өтүп кетемби (Осмонкул). Көзү ачык к. ачык I. Көзү ачылуу — бир нерсеге ачык, даана түшүнүү, билүү; билимдүү, сабаттуу болуу, аң сезими өсүү. Ушул китепти окуганы көп түшүнүксүз нерселерди билип, көзүм ачылды («Ала-Тоо»). Карачы, теңдик күн келип, Жетимдин көзү ачылды (Барпы). Орой көзү чарай к. орой I. Көз ачып-жумганча — заматта, бирпаста, тез арада, антип-минткиче. Бул экөө ишиңди көз ачып-жумганча бүтүрөт (Жантөшев). Көз ачып-жумганча алда кайда узап кетишти (Жантөшев). Көз айнек к. айнек. Көз байлоодин. дубалап коюу, сыйкырлоо, жазгыруу. Дуба окуп, көз байлап, Жер астына сиздерди Азгырып алып кириптир («Эр Төштүк»). Дем салып никеге чейин көзүн байласын (Бөкөнбаев). Көз байланган кез (учур, убак ж. б.) — иңир, күүгүм кирген, каш карайган убак. Күн кечтеп, көз байланган кез (Баялинов). Көз байланган убакта Анархандар Чоко менен коштошту (Жантөшев). Көз жумуу — өлүү, каза табуу, дүйнөдөн кайтуу. [Апамдын] көз жумганына бир жыл боло элек («Ала-Тоо»). Көз көргүс — абдан алыс, узак, белгисиз. Төртөөбүз кол кармашып, кулак уккус, көз көргүс жакка кетебиз (Жантөшев). Көздөн учуу — абдан зарыл болуу, табылбоо, сагындыруу. О, чиркин эл менен жер көздөн учат (Аалы). Көздөн далдаа болуу — 1) көрүнбөө, карааны көрүнбөй калуу. Чоколор чоң капчыгайга барганда, түндүк тарапка бурулушуп, көздөн далдаа болду (Жантөшев); 2) эптеп жашырылуу, билинбей калуу, байкалбоо. Ач көз — нысапсыз, сараң, дүнүйөкор. Ач көз өлсө да дүнүйөгө тойбойт, Бирөөгө көз артканын койбойт (Шүкүрбеков). Көз чаптыруу же көз жүгүртүүжалпысынан карап чыгуу, байкоо. Каныбек айланага көз чаптырды (Жантөшев). Назаров курулуштун ары жак, бери жагына көз чаптырды (Убукеев). Көз мончок к. мончок. Көз артуукызыгуу, суктануу. Кедейдин жалгыз атына көз арткан байлар да болгон («Ала-Тоо»). Көзгө басар —1) жалгыз, бар болгон. [Бектай] Актандын көзгө басар жээни (Бейшеналиев); 2) көрүнүктүү, көзүн караган. Ошонун көзгө басар жигит болуп калган уулу бар эле (Сыдыкбеков). Көз салуу — 1) кароо, байкоо, абайлоо; сак болуу. Акбар койлордун жалпы түрүнө көз салды (Убукеев). Балам, атыңа көз сал (Сыдыкбеков); 2) көмөктөшүү, жардамдашуу, каралашуу, жардам кылуу. Айланайын журт, балама көз сала жүрө көргүлө (Турусбеков). Көзү жетүү — түшүнүү, анык билүү, ачык сезүү. Атамдын киши болбосуна көзүм жетти («Ала-Тоо»). Көз жеткис — алыс, узак, чексиз, учу-кыйры көрүнбөгөн,
болжолсуз, белгисиз. Өрдөктөр көз жеткис жакка учуп кетишти («Жаш ленинчи»). Баш-аягына көз жеткис мелмилдеген талаа. Баш-көз болуу к. баш. Көзгө илээшпөө 1) өтө тез, бат кыймылдоо. Станок көзгө илээшпей тегеренет (Бөкөнбаев); 2) өтө майда, абдан кичинекей көрүнүү. Көзүнө илбөө — 1) теңине албоо, киши катарына санабоо. Залимге сый, той, тамаша, Көзүнө илбейт кедейди (Барпы); 2) уялбоо, ийменбөө, сыйлабоо, изат кылбоо. Улууларды көзүнө илбей, кичүүлөрдү сыйлабай кеткендер бар. Мунуңар жарабайт (Убукеев). Көзгө атар — таамай аткыч, жазбай аткыч, мылтык атканга жакшы машыккан, адис болгон. Нурбай көзгө атар мергенчи болчу (Баялинов). Көз караш — 1) турмуш, табигат, коом туурасындагы түшүнүк, пикирдин системасы. Материалисттик көз караш. Илимий көз караш. Коммунисттик көз караш. Идеалисттик көз караш; 2) ой-пикир, түшүнүк. Менин көз карашымда бул эң эле түзүк, а сенин көз карашың кандай? Көзмө-көз - бетме-бет, көз алдынча. Көзмө-көз сүйлөшүү. Көзү түшүү — жактыруу, суктануу, жакшы көрүп калуу, берилүү, сүйүү. Мен баарыдан да анын жакшынакай комузуна көзүм түштү (Каимов). Асылдай селкиге далай жигиттердин көзү түшпөйбү?! («Ала-Тоо»). Көз айырбоо — көпкө кароо, тиктөө, тиктеп тура берүү. Ээрге колуң басканда, Эки көзүм айырбай, Карап турдум калтырап («Эр Табылды»). Көз жаруу — төрөө, төрөлүү. Тезирээк эле жеңем көз жарса экен деп сүйүнөм («Ала-Тоо»). Ушул курсактагы бала аман-эсен көз жарса, Айымжандын койнуна салып берем (Сыдыкбеков). Көз каранды — бирөөнүн колун караган, баш ийген, өз эркинде болбогон. Көз тоюу — көргөн нерсесине канааттануу, ыраазы болуу, көңүлүнө толуу. Көркөмдүү салган үйлөр көп, Көз тоёт шаңдуу айылга (Осмонкул). Эки көзү төрт болуу к. эки. Эрте келүүгө эки көзүм төрт болду (Жантөшев). Көздөн кайым боолуу к. кайым. Көз боочу
1) алдамчы, сыйкырчы; 2) гипнотизёр. Көз болуу — көздөп туруу, байкап туруу. Бала-бакырага көз бол. Көз ирмебөө - 1) уктабоо, кирпик какпоо. Ышкынаалы ар түнү таң аткыча көз ирмебей чыгуучу (Байтемиров); 2) жалтанбоо, жазганбоо. Ай балта колго алышып, Көз ирмебей салышып («Манас»). Көз жаздымында калуу — байкалбай калуу, көңүлгө алынбай калуу. Маанилүү иштер көз жаздымында калып жатат («Ала-Тоо»). Көзү жетүү — ишенүү, билүү, ишенимде болуу. Көз көрүнө — көзүнчө, көз алдында, каратып туруп; ачык, жашырбай. Көзүнө чөп салуу — бирөөгө алдыртан жамандык кылуу, билгизбей кырсыктатуу, бузукулук кылуу. Көз тийүү — элдик ишеним боюнча: ооруп калууга дуушар кылгандай даражада бирөөнүн сугу өтүү. Көзү өтүү — 1) кадала кароо, тиктөө,
суктануу. Баланын кайнап турган казанга көзү өтүп, шилекейи чубура баштады («Ала-Тоо»); 2) каза табуу, өлүү. Адамдын көзү өткөндө Жок экен кайтып келүүсү (Үсөнбаев). Көзү тирүү к. тирүү. Көзүн тазалоо к. тазала. Көзү катуу — көрүүгө, жетүүгө зар болуу, самоо, жутап калуу, жетишсиз, кемчил болуу. Көз катканда көргөнүм, Көк ала туйгун береним («Эр Табылды»). Оокаттан көзү каткан кедей-кембагалдар кенелип калган кез («Ала-Тоо»). Көзгө чалдыгуу — көрүнүп калуу, байкалуу. Салкын көз менен кароо к. салкын. Иштин көзүн табуу — иштин жөн-жайын, ыгын табуу, үйрөнүп алуу. Иштин көзүн таануу к. тааны. Көзү кыйбоо к. кый III. Көзүнө айтуу — бетине айтуу, өзүнө айтуу. Көзү бозоруу — 1) карайлоо, көзү. тунарып көрбөй калуу; 2) көзү катуу, жутап калуу; 3) өтө көөп кетип ар нерсени тоотпой, капарына албай калуу. Көз кайкуу — мелмилдеп, учу-кыйырына көз жеткис, көп болуп көрүнүү. Көзү ала чакмак болуу — көзү тунаруу, ымыр-чымыр боло түшүү. Көздүн жоосун алуу к. жоо. Көзү кызаруу к. кызар. Көз жумду кылуу — эптеп бүтүрө коюу, будамайлоо, жүрнарыга салуу.