КӨЗҮ ШИЛИСИНЕН ӨТҮҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Ачуу каар менен өтө жек көрүү абалында жекире кароо, теше тиктөө. Эки мырзанын көзү Эдигенин шилисинен өттү (Осмоналиев). Анын жанагы шилисинен өткөн көзү Оросулдун көзүнө түбөлүк жабышып алгандай (Осмоналиев).