КӨЗҮ КЫЧЫШУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Бир нерсеге абдан кызыгуу, өтө суктануу, алсам же жетсем деген пейилде ыкыс коюп туруу. Бактын бутактарына эң сонун кооз чымчыктар олтурат. Аларды көрүп көзүм кычышат, бирок карматпайт (Алыбаев). Сен мында турбай уйүңө кетчи, көрсө дагы адатынча көзү кычышып жүрбөсүн (Тойбаев).