КӨЗҮҢ ЖАМАНДЫКТЫ КӨРБӨСҮН
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Өзү көргөн, өзү үстүнөн чыккан кандайдыр бир жагымсыз, укмуш окуяны баяндоо анын адамга терс таасир этишин, жек көргөндүгүн, өкүнгөндүгүн билдирүүдө колдонулат. Көзүң жамандыкты көрбөсүн! Жер бир заматта айлан-көчөк болуп кеткенсиди (Жусупов). Көзүң жамандыкты көрбөсүн, жөн эле тепсеп кетсе жер менен жексен кылчудай (Медетов). Көзүң жамандыкты көрбөсүн, бири ачкадан өлүп жатты, бири окко учуп каза тапты («Ала-Тоо»).