КӨЗҮ ИЛИНҮҮ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Бир аз уктап кетүү, үргүлөп кетүү. Сай сөөгү сыздап жатып жаңыдан көзү илинип кеткен Дүйшөнкул чочуп ойгонду (Осмоналиев). Короонун четинде кыйкырып туруп эле дилдиреп көзүм илине түшкөн экен (Сыдыкбеков). Ашырбек төшөгүнө жаткан менен далайга түйшөлүп, таңга жуук гана көзү илинди (Ашымбаев).