Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Кызыктыруу, өзүнө тартуу, сүйкүмдүү көрүнүү, суктандыруу. Адамдын көз жоосун алган, жаратылышынын кооздугуна суктанткан момундай асыл жерди көр (Осмоналиев). Мен-менсинген жигиттердин көз жоосун алган Сонунбалага сиз кантип жеттиңиз? («Ала-Тоо»). Көркөмү көздүн жоосун алган мынабу үйдүн ичи кандайдыр бир шаңга бөлөнгөн («Кыргызстан аялдары»).