Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Бар, жашап жүрөт, көзү өткөн жок, аман-эсен. Анда Казангаптын көзү тирүү, кандай кылам десе өзү билген (Айтматов). Өлгөндөн кийин өздөрү билсин, ал эми көзү тирүү турганда коргоп кала турган кубаты бар (Укаев). Көзүм тирүү турганда ал экөөнү ыйлатпайм (Өмүрбаев). 2. Тың, чыйрак, ар нерсеге жөндөмдүү, бышык, идиректүү. Нарктуу өнөрпоз Токтогул комузун оңдой күүлөп, көзү тирүү жеткинчекке назарын бурат (Бейшеналиев). Ал көзү тирүү, сары чийкил, ыманы ысык жаш жигит экен (Бөкөнбаев). В.: Эти тирүү. Айгүл эти тирүү, зээндүү кыз. Окусун. Адам болсун, – деди Исабек (Айтматов). Эти тирүү, кеби тың келин ушунча көптөн жазганбай тике айтты (Сыдыкбеков).