КӨЗГӨ УРУНУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Көрүнүп калуу, байкалуу, сезилип калуу. Акылбек эрте чыгып алыптыр, жат көзгө урунамбы деп, күндүн батышын күтүп арыктын ичинде отурду (Жусупов). Көзгө урунбай же баскан табышы угулбай («Чалкан»). В.: Көзгө түшүү. Үч кишинин төбөсү көрүндү. Элеман мындайда көзгө түшпөй бурулуп кетүүнү ойлоду (Укаев). Калган ат да, токум да, курал да көзгө түшсө айгак эмеспи (Касымбеков). Көзгө чалдыгуу. Шаардын балдары зирек келет, бат эле көзгө чалдыгат (Айтматов). Кокус жабыла аттанып узатышса, көзгө чалдыгышарын ойлоду (Бейшеналиев). Көзгө чалынуу. Те алыста, күндүз көгала болуп көрүнгөн бөксө адырлардын түбү ченде көп от жагылган, чет арасында караңдаган караан көзгө чалынат (Касымбеков). Андайда атайы өчөшкөнсүп, ал көзгө чалынбай коёт бир оокумга (Өмүрбаев). Көзгө илинүү. Кайнаган топто эр Сыргак Караса көзгө илинбейт («Манас»). Сыйлашкан кайын сиңдиси көзгө илинип калабы деп, акырын шыбырап чыгып кетти (Укаев).