КӨЗҮ БОЗОРУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)1. Карайлоо, көзү тунарыктап, электенип жакшы көрө албай калуу. Көздөрү бозоруп, шайлары ооду (Бектенов). Эриндери кеберсип, көзү бозорүп кадам шилтөөгө алы келбей калды («Ала-Тоо»).2. Эч нерсени көзүнө илбей, тоготпой, дөөгүрсүп калуу, катуу көөп кетүү. Атам бала кезинде козу кайтарып жүрүп, козуларын жамыратып ийгени үчүн, көзү бозоруп, дөөгүрсүп турган бай атамы камчы менен башка-көзгө койгулап сабашыптыр (Абакиров). Күлбүбү, кудайды карап көзүң бозорсочу, катыгүн! (Сыдыкбеков). 3. Төрөт убагында кансырап, эс-учун жоготуу, эсинен танып, эч нерсени сезбей калуу, кара басуу (көбүнчө төрөтү кыйын болгон аялдарга карата). - Кокуй наалат. Келинимдинкөзүбозоруп, алсырап, кансырап баратат. Жүр, экөөң тең куучулар (Бейшеналиев). Береги өтүкчүнүн аялы көзү бозоруп төрөп жүрөт (Сыдыкбеков).