КӨЗҮ БУЗУЛУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Ачуусу келгендей, жактырбагандай кебетеде көз карашы, мүнөзү өзгөрүлө түшүү. Менин сабактан начарлай баштаганымды угуп, атамдын көзү бузулуп, мага түсүн үйүрдү («Жаш Ленинчи»). 2. Көбүнчө катуу ооруп жаткан адамдын абалына карата баш көтөрөр түрү жок, өлүм алдында турат деген сыяктуу мааниде. Ай, кагылайын Алтынай ай! Баягы Алтынай жок, көзү бузулуп, өңүндө тирүүлүктүн белгисинен өлүмдүн белгиси ачык турган сыяктанды (Жантөшев).