КӨЗ АЧКАНДАН БЕРИ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Төрөлгөндөн, жарык дүйнөнү көргөндөн бери, жарыкчылыкка келгенден бери. Мунун баары көз ачкандан бери канына сиңип, абдан маш болуп алган кесиби эле (Укаев). В.: Көз ачканы. Бечара бала көз ачканы багы бир ачылбады («Ала-Тоо»). Адам көз ачканы түйшүккө малынып жүрүп өтүп кетеби? (Ашымбаев).