Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Адамдын, жан-жаныбарлардын көрүү мүчөсү. Бала көзүн ушалап өйдө турду («Жаш ленинчи»). Көзү бүтүйгөн бирөө үйдүн ичин айландыра карады (Жантөшев). Малдын көзүнө көрүнгөндөй от калбаптыр, жер такыр болуп кетти. Журт которуп көчүү керек («Ала-Тоо»). Көздөрүмдүн нурларынан кечтелеп, Жолдоруна гүлдөр эктим Энтелеп (Мамазаирова). 2. Башка эмес, нак өзү, дал өзүнүн көрүнүшү, турпаты. Жоголгон буюмуңдун көзүн таанысаң, алгын, балам («Чалкан»). Жоголгон малыбыздын көзүн таанып турабы («Ала-Тоо»). Балдарымдын көзүн көрсөм эле ыраазымын (Абдукаримов). Көзүм барда айтайын, Көргөнүмдү калкыма (Токтогул). 3. Бир нерсенин тешиги, жылчыгы, ачык бөлүгү, көзөнөгү. Ийненин көзү. Терезенин көзү. Тузактын көзү. || Пайда болгон, чыккан жери (мис. булактын). Булактын көзү капкара болуп көрүнүп турат (Таштемиров). 4. Куржундун же бир нече бөлүктүү башка нерсенин айрым бөлүгү, бөлүк-бөлүк чөнтөктөрү. Акматтын эки куржун көзү китеби боло турган (Жантөшев). Куржундун бир көзүнөн эки кагаз чай чыкты (Жантөшев). Шкафтын бир көзү толтура китеп экен («Ала-Тоо»). 5. Шакектин же башка нерсенин кичине асыл таш, мончок ж. б. орнотулган жери, бөлүгү. 6. Күндүн, айдын ж. б. бети. Күндүн көзүн булут каптады (Жантөшев). Жылтырайт бак ичинен айдын көзү (Шүкүрбеков).