Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бир нерсеге көңүлү түшүп, абдан кызыгуу, суктануу, самоо, эңсөө. Күлүктү көзү кызарган Канайга жеткирип берип тынды (Үмөталиев). Куржундун томпойгон бөйрөгү көзүнө дүйнө көрүнүп, орто жолдон олжо кылмакка көзү кызаргандар да болду («Ленинчил жаш»). Бийликке жеткендин баары атын, даңкын калтырууга көзү кызарды (Осмоналиев). Азыркы челекчи Афанас бүйрө адам го. Алма-өрүгүн көрсөк, көзүбүз кызаруучу (Сыдыкбеков). Элимден кабар келсе деп, Эки көзүм кызарды (Токтогул). В.: Көзү күйүү. Жеңеси, көзү күйгөн менен өзү ыйбаа сактаган жигитке өңгөчүнөн чыңк күрсүндү (Бейшеналиев).