КӨЗҮНДӨ ОГУ БОЛСО АТЫП ЖИБЕРҮҮЧҮДӨЙ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Өтө жек көрүү сезими менен ызырына, каардана, абдан ачуусу келе кароо, бирди көрсөтүүчүдөй, жеп жиберүүчүдөй болуу деген мааниде. Көзүндө огу болсо атып жиберчүдөй бардыгын айландыра карап алды да шарт чыгып кетти (Жантөшев). Көркооңдун көзүндө огу болсо, мени кан жуткура атып жиберчүдөй түрү белен (Бейшеналиев).