КӨЗ АЧЫП КӨРГӨН
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Биринчи төрөлгөн, эң алгачкы кубанычы болгон баласы же биринчи келген келинине карата колдонулат. Оозумду ачып өпкөнүм, Көзүмдү ачып көргөнүм («Сейтек»). Көз ачып көргөн тун баласын салт менен үйлөнтсө кантет (Сыдыкбеков). Гүлшанымды көрсөм дейт. Кантсе да, көз ачып көргөн келгини, жалгыз келини (Даникеев).