Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Карайлоо, көзү тунарыктап, электенип жакшы көрө албай калуу. Көздөрү бозоруп, шайлары ооду (Бектенов). Эриндери кеберсип, көзү бозоруп кадам шилтөөгө алы келбей калды («Ала-Тоо»). 2. Эч нерсени көзүнө илбей, тоготпой, дөөгүрсүп калуу, катуу көөп кетүү. Атам бала кезинде козу кайтарып жүрүп, козуларын жамыратып ийгени үчүн, көзү бозоруп, дөөгүрсүп турган бай атамды камчы менен башка-көзгө койгулап сабаптыр (Абакиров). Күлбүбү, кудайды карап көзүң бозорсочу, катыгүн! (Сыдыкбеков). 3. Төрөт убагында кансырап, эс-учун жоготуу, эсинен танып, эч нерсени сезбей калуу, кара басуу (көбүнчө төрөтү кыйын болгон аялдарга карата). – Кокуй наалат. Келинимдин көзү бозоруп, алсырап, кансырап баратат. Жүр, экөөң тең куучулар (Бейшеналиев). Береги өтүкчүнүн аялы көзү бозоруп төрөп жүрөт (Сыдыкбеков). 4. Аябай эңсеген, дүүлүккөн абалда болуу.