КӨЗДҮН ЖООСУН АЛУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Өтө кооз, көркөм көрүнүү, адамды суктандыргыдай, кызыктыргыдай, өзүнө тарткыдай көрүнүштө болуу. Дасторкон жайылып үстүнө түрдүү даам төгүлүп, көздүн жоосун алат (Сыдыгалиев). Мында ар мүлк, ар бир буюм өз ордунда зымырап көздүн жоосун алат (Сыдыкбеков). Ира кылыктана басып, боз уландардын көзүнүн жоосун алат (Бейшеналиев).