Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Учу-кыйрына көз жетпей мелмилдөө, өтө чоң, абдан көп болуп көрүнүү, суктандырып мелтиреп, жайылып жаткан абалда болуу. Жүрүп отуруп көз кайкыган талаага туш келдик («Ала-Тоо»). Соң-Көл жайлоосунун Ак-Сай, Көк-Сай өндүрүндөгү буралган бетеге, жылшыркан, тулаң, ...кымыздык, козу кулак, шимүүр, улар гүл, ак кодол аралаш жыпар жыт чөптөрүн араласаң көз кайкыйт (Бейшеналиев).