КӨЗҮНҮН ТӨБӨСҮ МЕНЕН КАРОО
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Жек көргөндөй, жактырбагандай каардуу кароо, жекире кароо. Төлөгөн эжесин көзүнүн төбөсү менен карап, жактырбай чыгып кетти («Эркин-Тоо»). Аскар көзүнүн төбөсү менен кайдыгер гана бир карады («Ала-Тоо»). В.: Көзүнүн агы менен кароо. Көзүнүн агы менен карап койгон далайлардын акесин ушул колум менен тааныттым (Осмоналиев). Көзүнүн сырты менен кароо. Бугимов Акимди көзүнүн сырты менен карап, катуу айтууга камданды (Сасыкбаев).