КӨЗ АЛДЫНАН КЕТИРБӨӨ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Кайра-кайра элестете берүү, эсинен чыгарбоо, унута албоо. Гүлайым жан курбусу Алымкулду такыр көз алдынан кетирбейт (Абдукаримов). Ай, кагылайын Алтынай ай! Баягы Алтынай жок, анын акыркы элесин алигиче көз алдыман кетире албайм (Жантөшев). В.: Көз кырынан кетпөө. Майда-чуйда значоктор да көз кырынан кетпеди (Байтемиров).