КӨЗҮНӨН ЧААР ЧЫМЫН УЧУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Жаны кейүү, катуу кыйналуу. Толгоо тартып, көзүнөн чаар чымын учуп, араң олтурган Айганыштын сенден күткөнү ушул беле? (Сыдыкбеков). Көзүнөн чаар чымын учуп, таң аткыча кирпик какпай чыкты (Баялинов). 2. Өтө оор абалда калуу, коркуу, аргасы түгөнүү, эмне кыларын билбей айласы кетүү. Ошондо гана Көлбай колдуу болуп баратканын билип, көзүнөн чаар чымын учту («Ала-Тоо»). Көзүнөн чаар чымын учуп, улакты Күрөңгө үстөкө-босток камчы уруп, жиреп кирди (Көчкөнов). В.: Көзүнөн чымын учуу. Көзүнөн чымын учуп, өзүн зорго кармап турду («Ала-Тоо»).