КӨЗ УЧУНДА
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Алыста, көзү жеткен жерде, көз алдында. Жалгыз-жарымдаган салт атчан жолоочу көз учунда элес-булас өтөт (Укаев). Көз учуна араң-араң илинип, алыстан мунарыктап жаткан Арсланбап (Өмүрбаев). Ушул жашыл жондон туруп, көз учунда керилип жаткан өрөөнгө көз чаптырды («Ала-Тоо»).