КӨЗ КАЙКУУ
Толковый словарь кыргызского языка. 2015Учу-кыйрына көз жетпей мелмилдөө, өтө чоң, абдан көп болуп көрүнүү, суктандырып мелтиреп, жайылып жаткан абалда болуу. Жүрүп отуруп көз кайкыган талаага туш келдик («Ала-Тоо»). Соң-Көл жайлоосунун Ак-Сай, Көк-Сай өндүрүндөгү буралган бетеге, жылтыркан, тулаң, кымыздык, козу кулак, шимүүр, уларгүл, аккодол аралаш жыпар жыт чөптөрүн араласаң көз кайкыйт (Бейшеналиев).