Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Дененин катуу оорушунан көз алдында учкун пайда болгондой сезимде болуп жаны кейип кетүү, өтө кыйналуу. Мукан тоорулуп туруп көк желкеге муштаганда, Бейшекенин көзүнөн от чагылып, тегеренип кетти (Саатов). Көзүнөн от чагылып, жаны мемиреген өңдөнүп, сендиректеп араң турду (Ашымбаев). Көзүнөн от чагылып капталы чымырай түшкөн Акбалбан жалтайлай түштү («Кыргызстан маданияты»). В.: Көзүнөн от чачыроо. Алымкулдун көзүнөн от чачырап, бүткөн бою күйүп кеткендей болду (Абдукаримов). Көзүнөн жалын учуу. Көзүнөн жалын учуп, жаны кашайган Бердигул: Жырткыч! Биз өлсөк береги эл бар! Кутурган канкорлор! – деп кыйкырды (Тойбаев). Көзүнөн от учуу. Көзүнөн от учуп, денеси оор тартып, сендиректеп барып тумшугу менен жер сая жыгылды (Медетов). Көзүнөн от чыгуу. Бутум өтө оор тартып сыздагандай болсо, көзүмдөн от чыгат (Эсенканов). Кулукенин көзүнөн от чыгып кетти (Касымбеков).