Толковый словарь кыргызского языка (1969)
чаар чымын учуу — көңүлү караңгылоо, кыйналуу, кыйноо тартып, жаны кейүү; коркуу. Көзүмдөн чаар чымын учуп, таң атканча кирпик какпай чыгам (Бейшеналиев). Толгоо тартып, көзүнөн чаар чымын учуп, араң олтурган Айганыштын сенден күткөнү ушул беле!? (Сыдыкбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Каарын төгүү, жаалдануу, жекире тиктөө. Атын ойдолото айлантып, көзүнөн заар чачат (Осмоналиев). В.: Көзүнөн заар чачыроо. Көзүнөн чачыраган заар келиндин желкесинен чыга түштү (Осмоналиев). Көзүнөн ызгаар чачуу. Алып көнгөн, берип көрбөгөн хан түктөйүп, көзүнөн ызгаар чачат (Осмоналиев). Көзүнөн заар учуу. Абдырахмандын көзүнөн заар учуп, кылычты кынынан сууруп көрсөттү (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. КӨЗҮНӨН КАН АЛУУ Оторбайдын көзүнөн кан агызып жүрүп, Акмат Жапарга жакшы ат алып берген болучу (Жантөшев). Малайларды тукуруп малымдын четинен көзүмдөн кан агыза бүлдүрүп, аларга ээлетип жатат (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Аябай кыйноо, жазалоо, катуу кысым көрсөтүү. Томояктардын качан болбосун көзүнөн кан алып берүүгө ишениңиз (Шүкүрбеков). В.: Көзүнөн кан агызуу. Оторбайдын көзүнөн кан агызып жүрүп, Акмат Жапарга жакшы ат алып берген болучу (Жантөшев). Малайларды тукуруп малымдын четинен көзүмдөн кан агыза бүлдүрүп, аларга ээлетип жатат (Бейшеналиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жаны кашаюу, каары кайноо, ачуусу келүү. Нүзүптүн тиштери шакылдап титиреп, көзүнөн кан чыгып, жини бастабай буулугуп алдастады (Касымбеков). В.: Көзүнөн кан түтөө. – Бай, бергиңиз келсе, улак да болсо ыраазы болуп алып кетем, көзүмдөн кан түтөп турган чак (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Көзгө илинер же көрүнөр эч нерсе таппай амалы, айласы кетүү, аргасы түгөнүп, эч айла таба албай туруу. Кең пейил устатын көзүнөн кара учуп турган учурунда тапканына кубана да, муңая да алчыланды (Бейшеналиев). Көзүнөн кара учуп турган неме, мени көрүп алды да кишенеп жиберди (Алыбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Көзгө илинер же көрүнөр эч нерсе таппай амалы, айласы кетүү, аргасы түгөнүп, эч айла таба албай туруу. Кең пейил устатын көзүнөн кара учуп турган учурунда тапканына кубана да, муңая да алчыланды (Бейшеналиев). Көзүнөн кара учуп турган неме, мени көрүп алды да кишенеп жиберди (Алыбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Дененин катуу оорушунан көз алдында учкун пайда болгондой сезимде болуп жаны кейип кетүү, өтө кыйналуу. Мукан тоорулуп туруп көк желкеге муштаганда, Бейшекенин көзүнөн от чагылып, тегеренип кетти (Саатов). Көзүнөн от чагылып, жаны мемиреген өңдөнүп, сендиректеп араң турду (Ашымбаев). Көзүнөн от чагылып капталы чымырай түшкөн Акбалбан жалтайлай түштү («Кыргызстан маданияты»). В.: Көзүнөн от чачыроо. Алымкулдун көзүнөн от чачырап, бүткөн бою күйүп кеткендей болду (Абдукаримов). Көзүнөн жалын учуу. Көзүнөн жалын учуп, жаны кашайган Бердигул: Жырткыч! Биз өлсөк береги эл бар! Кутурган канкорлор! – деп кыйкырды (Тойбаев). Көзүнөн от учуу. Көзүнөн от учуп, денеси оор тартып, сендиректеп барып тумшугу менен жер сая жыгылды (Медетов). Көзүнөн от чыгуу. Бутум өтө оор тартып сыздагандай болсо, көзүмдөн от чыгат (Эсенканов). Кулукенин көзүнөн от чыгып кетти (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Дененин катуу оорушунан көз алдында учкун пайда болгондой сезимде болуп жаны кейип кетүү, өтө кыйналуу. Мукан тоорулуп туруп көк желкеге муштаганда, Бейшекенин көзүнөн от чагылып, тегеренип кетти (Саатов). Көзүнөн от чагылып, жаны мемиреген өңдөнүп, сендиректеп араң турду (Ашымбаев). Көзүнөн от чагылып капталы чымырай түшкөн Акбалбан жалтайлай түштү («Кыргызстан маданияты»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
к. КӨЗДӨН УЧУУ Туугандары көзүнөн учкан Сылый бизди көргөндө өз ата-энесин көргөндөй кубанды (Сыдыкбеков). Бир чети бир топ күндөн бери жер-суу көзүнөн учкандыкыбы, айтор тоо кыркаларына суктана берди (Ашымбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Жаны кейүү, катуу кыйналуу. Толгоо тартып, көзүнөн чаар чымын учуп, араң олтурган Айганыштын сенден күткөнү ушул беле? (Сыдыкбеков). Көзүнөн чаар чымын учуп, таң аткыча кирпик какпай чыкты (Баялинов). 2. Өтө оор абалда калуу, коркуу, аргасы түгөнүү, эмне кыларын билбей айласы кетүү. Ошондо гана Көлбай колдуу болуп баратканын билип, көзүнөн чаар чымын учту («Ала-Тоо»). Көзүнөн чаар чымын учуп, улакты Күрөңгө үстөкө-бостоккамчы уруп, жиреп кирди (Көчкөнов).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Жаны кейүү, катуу кыйналуу. Толгоо тартып, көзүнөн чаар чымын учуп, араң олтурган Айганыштын сенден күткөнү ушул беле? (Сыдыкбеков). Көзүнөн чаар чымын учуп, таң аткыча кирпик какпай чыкты (Баялинов). 2. Өтө оор абалда калуу, коркуу, аргасы түгөнүү, эмне кыларын билбей айласы кетүү. Ошондо гана Көлбай колдуу болуп баратканын билип, көзүнөн чаар чымын учту («Ала-Тоо»). Көзүнөн чаар чымын учуп, улакты Күрөңгө үстөкө-босток камчы уруп, жиреп кирди (Көчкөнов). В.: Көзүнөн чымын учуу. Көзүнөн чымын учуп, өзүн зорго кармап турду («Ала-Тоо»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Жаалы келүү, абдан ачуулануу, каардануу. Көзүнөн чаары чыгып, ийни менен дем алган Тыныбек жоон камчысын Алымбайдын жонуна басып алды (Каимов). – Тынчын алган ким экен? – деп Орозкул көзүнөн чаары чыга жалт кылчайды (Айтматов). Шабыраалынын көзүнөн чаары чыгып, баягыдан бетер жинденди (Байтемиров). В.: Көзүнөн чаарын чыгаруу. Анын да итатайы тутулуп, бириң калбай кеткиле, – деди көзүнөн чаарын чыгарып (Жигитов). Көзүнөн чаары көрүнүү. Ал жылуу айткансыганы менен көзүнөн чаары көрүндү (Сыдыкбеков). Көзүнүн чаары чыгуу. Чынаркандын көзүнүн чаары чыгып, ичинен туталанып отурганын Бермет дароо түшүндү (Абдукаимов). Анын иреңи кара көк тартып, көзүнүн чаары чыгып, кутургандай ажаанданып баратты (Каимов). Көзүнүн чаарын чыгаруу. Түшүндүңбү? – деп Курбантай Эргешти кекетип, көзүнүн чаарын чыгарды (Мияшев). Дочекал Ашырбекти издеп таап, көзүнүн чаарын чыгара тиктеп турду (Ашымбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Жаалы келүү, абдан ачуулануу, каардануу. Көзүнөн чаары чыгып, ийни менен дем алган Тыныбек жоон камчысын Алымбайдын жонуна басып алды (Каимов). - Тынчын алган ким экен? - деп Орозкул көзүнөн чаары чыга жалт кылчайды (Айтматов). Шабыраалынын көзүнөн чаары чыгып, баягыдан бетер жинденди (Байтемиров).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөнүн жакшылыгын, жардамын, жакшы иштерин унутуп, көңүлгө албай же баалабай койгондо нааразы болуу, жактырбоо иретинде айтылат. Ии-и, аны билбесең, сенин көзүңдөн чыксын, көзүңдөн! (Тойбаев). Төлөмүштүн жакшылыгын билбесек көзүбүздөн чыксын! (Бердикеев). – Ыракмат, бий, ыракмат, сиз ушинтип адилеттике кызмат кылсаңыз, биз сизге ыраазы болбосок көзүбүздөн чыкпайбы! (Касымбеков).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөнүн жакшылыгын, жардамын, жакшы иштерин унутуп, көнүлгө албай же баалабай койгондо нааразы болуу, жактырбоо иретинде айтылат. Ии-и, аны билбесең, сенин көзүңдөн чыксын, көзүндөн! (Тойбаев). Төлөмүштүн жакшылыгын билбесек көзүбүздөн чыксын! (Бердикеев). - Ыракмат, бий, ыракмат, сиз ушинтип адилеттике кызмат кылсаңыз, биз сизге ыраазы болбосок көзүбүздөн чыкпайбы! (Касымбеков).