Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөнүн жакшылыгын, жардамын, жакшы иштерин унутуп, көнүлгө албай же баалабай койгондо нааразы болуу, жактырбоо иретинде айтылат. Ии-и, аны билбесең, сенин көзүңдөн чыксын, көзүндөн! (Тойбаев). Төлөмүштүн жакшылыгын билбесек көзүбүздөн чыксын! (Бердикеев). - Ыракмат, бий, ыракмат, сиз ушинтип адилеттике кызмат кылсаңыз, биз сизге ыраазы болбосок көзүбүздөн чыкпайбы! (Касымбеков).