КӨЗҮ КЫЗАРУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Бир нерсеге көңүлү түшүп, абдан кызыгуу, суктануу, самоо, эңсөө. Күлүктү көзү кызарган Канайга жеткирип берип тынды (Үмөталиев). Куржундун томпойгон бөйрөгү көзүнө дүйнө көрүнүп, орто жолдон олжо кылмакка көзү кызаргандар да болду («Ленинчил жаш»). Бийликке жеткендин баары атын, даңкын калтырууга көзү кызарды (Осмоналиев).